5-февралда кыргызстандык ишкер жана коомдук ишмер Райкан Алканов 89 жашында Германияда каза болгон. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.
Райкан Алканов 1935-жылы 9-майда Талас районунун Арал айылында туулган. «Алканов жана Компания» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору, Кыргыз Республикасынын согуш, эмгек, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагасынын биринчи орун басары, КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин координациялык кеңешинин комитетинин мүчөсү, Ишкерлер союзунун, бокс федерациясынын, Көк бөрү федерациясынын президенти болгон. 2007-жылдан азыркыга чейин ЕврАзЭС-Кыргызстан ишкерлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип келген. Ал ошондой эле көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 9-февралда Талас районунун Арал айылында болот.