«Ынтымак» партиясынын талапкери пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу арыз Кербен шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна келип түшкөн.
Арыз ээлеринин айтымында, аталган саясий уюмдун атынан аттанып жаткан талапкер Кербендеги шайлоочуларга пара берүү максатында белгилүү адамдарга жана аксакалдарга кайрымдуулук кечесин уюштурган.
«Учурда бул арыз тууралуу маалымат Ички иштер министрлигине жана Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү», — деп билдиришти мекемеден.
Буга чейин БШКнын координациялык тобуна мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 31 билдирүү келип түшкөнү айтылган.