Дүйшөмбү, 23.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Жер-Үй кени иштеп баштаса мамлекет жана 6 миллион эл өтө чоң зыян тартат». Жапаровдун мурдагы кайрылуусу кызуу талкууланууда

11:14 26.03.2021
0
«Жер-Үй кени иштеп баштаса мамлекет жана 6 миллион эл өтө чоң зыян тартат». Жапаровдун мурдагы кайрылуусу кызуу талкууланууда

Соцтармактарга президент Садыр Жапаровдун 2016-жылы, бийликке келе элек кезинде Таластагы Жерүй кенин ачтырууга каршы болуп жазган билдирүүлөрү тарап жатат.

Анда саясатчы Талас облусунун жашоочуларына кайрылып, «Жерүйдү өз чөнтөк кызыкчылыктары үчүн «эч зыяны болбойт, ачабыз» деп чуркап жүргөндөрдүн жомокторуна эч качан ишенбөөгө» чакырат.

«Баарын көрүп, билип, түшүнүп туруп, унчукпай олтурууга абийирим жол бербеди. Эртеңки күнүңүздөр коркунучка, туңгуюкка бара жатат. Жерүй кенин ачтырсаңыздар, Кумтөрдүн кейпин кийесиздер. Себеби, Жерүй кени суу башында жайгашкан. Ал жактан агып чыккан суу Таласты аралап өтөт. Ал сууну сиздер өмүр бою ичесиздер, мал жандыгыңыздар ичет, сугат катары пайдаланасыздар. Алтын казып алууда оңой жана арзандыгына карап, сөзсүз түрдө цианид колдонушат. (Союз мезгилинде чет мамлекеттерде жүргөн чалгынчыларыбыз бир тал цианидди көйнөгүнүн жакасына тигип алып жүрүшчү. Бүгүн болсо Кумтөрдө суткасына 7 тонна цианид колдонуп жатышат) Цианид сууга аралашпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, азыр мамлекеттик көзөмөлдөө органдары алсыз. Коррупционерлер күчтүү. Жаратылышты көзөмөлдөө кызматкерлерин баш, Талас элинин арасындагы тың чыкмаларын төш кылып, сатып алып коюшат дагы, өз билгендерин жасашат. Муну Кумтөр жана башка өлкөбүздүн ар тарабындагы алтын казып жатышкан кендерибиздин мисалынан өз көзүбүз менен көрдүк. Өз чөнтөк кызыкчылыктары үчүн, «Эч зыяны болбойт, ачабыз» деп чуркап жүргөндөрдүн жомокторуна эч качан ишенбеңиздер.

Эми мамлекетибизге жана элибизге боло турган зыяндуу жагына токтолоюн.  Жерүй алтын кенинде азыркы учурдагы баа менен эсептегенде 5 миллиард доллардын алтыны бар, 100 тоннага жакын алтын, күмүш жана башка баалуу металлдар жатат. Аны 2 тонна алтындын баасына сатышты. Албетте чөнтөк кызыкчылыктарын унутушкан жок.

Дагы беш жылдын ичинде (алтынды казып алып бүткөнгө чейин) мамилекетибиз эң көп болсо 8 тонна алтындын баасын салык, эмгек акы, соц фонд жана башка ар кандай төлөмдөр аркылуу пайда көрүшү мүмкүн. Башка бир тыйын ашыкча пайда көрбөйбүз. Жерүй Кумтөрдөн кийинки кылымдын экинчи аферасы болду десек эч жаңылышпайбыз. Ошол эле учурда келечек муундарыбызга, кылымдан кылымга кала турган уулуу калдыктарды калтырып жатабыз. Эң жок дегенде алтынды 100 пайыз мамлекетибиз өзү казып алса мейли десек болот эле. Бирок андай болгон жок. Ал эми экологиялык зыяндарын ден-соолугуңарга келтирген кесепеттеринен өмүр бою запкы чегесиздер. Ошондуктан кеч боло электе токтотуш керек.

Эртең Жерүй алтын кени иштеп баштаса, Талас өрөөнүнөн көп болсо миң адам жумуш менен камсыз болушуп, эмгек акы ала башташат. Албетте, үй-бүлө мүчөлөрү менен кошулуп үч миң адам пайда көрөт. Бирок, мамлекет жана 6 миллион элибиз өтө чоң зыян тартат. Мындан сырткары, эртең экологиялык зыяндары кекиртегиңерден алганда, «Жерүй алтын кенин жапкыла!» деп чыкканыңарды бийликтегилер менен алтын казгандар чымын чакканча да көрбөйт. Мыйыгынан күлүп, алтын түгөнгөнчө казып олтура беришет. Беш жыл бою эч баштары оорубайт. Анткени, алар Жерүй алтын кенине ишке орношкон миң жумушчуну элге каршы колдонушат. Алар төшүн тосуп коргоп беришет. Эл экиге бөлүнөт. Мындай окуяны иш жүзүндө көрдүк. Эртең үнүңөрдү айга жеткире кыйкырсаңар да кеч болот. Экологиялык зыяны тийе баштагандан кийин Таласта жашоо кыйын болуп калат. «Манас атанын тукумубуз» деп айткандан уялышыбыз керек болот. Себеби, ата-бабаларыбыз каны-жанын аяшпай, бизге таза табиятты мурас кылып калтырып кетишкен. Албетте, бул менин жеке пикирим, көз карашым. Жыйынтыкты өзүңүздөр чыгарасыздар.

Бул кайрылууну айрым менин тырмакчадагы саясий досторум «Мурда кайда жүрдүң эле?» — деген баягы дүжүр суроолорун бериши мүмкүн. Дароо эле жооп бере кетейин. «Саясатка жыйырма жыл мурда келсем болмок экен» деп, өзүм да өкүнүп жүрөм. Балким бул суроо жыйырма жылдан кийин дагы берилиши мүмкүн. Ошол себептен азыр эскертип койгум келди.

Мына бул сүрөттөрдөгүдөй ахывалга бир гана Кумтөр жана Жерүй алтын кендери эмес, бүткүл өлкөбүздөгү кен казылып жаткан жерлерибиз, тоолорубуз бүгүн ушундай абалга келип калган экен. Ошондуктан, бул көйгөй баардык кыргызстандыктарга тиешелүү«, — деп жазган Садыр Жапаров. 

 

1 / 5
- +

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гульнура Мамбеталиева

Гульнура Мамбеталиева

Окшош

Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылат

Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:26 22.03.2026
0

Бишкек шаарында бүгүн, 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы...

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:45 21.03.2026
0

Кечээ, 20-март күнү Ош шаарындагы «Имам аль Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечитте окулган айт намаз алкагында, жаңыдан курулуучу мечиттин...

Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова Нарында Нооруз майрамына катышышты

Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова Нарында Нооруз майрамына катышышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:40 21.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына катышты. Иш-чаранын башталышына чейин мамлекет башчысы жана биринчи айым Айгүл...

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:38 21.03.2026
0

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу...

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:35 21.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы жаӊыланууну, биримдикти жана...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкери жол кырсыгынан каза болду

“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкери жол кырсыгынан каза болду

12:14 22.03.2026
«Намыс» командасы көк бөрү боюнча «Нооруз» турниринде тарыхында алгач ирет Жогорку Лиганын чемпиону аталды

"Намыс" командасы көк бөрү боюнча "Нооруз" турниринде тарыхында алгач ирет Жогорку Лиганын чемпиону аталды

12:32 22.03.2026
Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылат

Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылат

12:26 22.03.2026
«Намыс» командасы көк бөрү боюнча «Нооруз» турниринде тарыхында алгач ирет Жогорку Лиганын чемпиону аталды

"Намыс" командасы көк бөрү боюнча "Нооруз" турниринде тарыхында алгач ирет Жогорку Лиганын чемпиону аталды

12:32 22.03.2026
Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылат

Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылат

12:26 22.03.2026
“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкери жол кырсыгынан каза болду

“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкери жол кырсыгынан каза болду

12:14 22.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү