«Жетекчи кызматтан кетирем деп…» Чүйдө медайым өмүрүнө кол салды

"ТУРМУШ" басылмасынан алынды

Кеминде медайым күрөө тамырын кескен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-апрелде аймактык ооруканадан милицияга аял киши күрөө тамырын кескендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция аялдын иштеген жердеги жетекчиси менен болгон чырдан кийин дал ушундай кадамга барганын аныкташкан. Аял башка маалымат берүүдөн баш тарткан. Аталган факты каттоого алынды.

Аял киши 3-майда милицияга кайрылып, аталган жетекчиге чара көрүүнү суранган. Жетекчи аны кызматтан кетүүгө мажбурлап жатканын айткан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.