Буга чейин социалдык тармактарда «Манас» аэропортунда жаш жигит бир кызды унаага күч менен отургузуп жаткан видео тараган. Бул видео боюнча текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, видео бүгүн, 15-апрелге караган түнү тартылган.
«Маалымат түшөр замат окуя болгон жерге дароо Сокулук РИИБдин кызматкерлери жөнөтүлгөн. Текшерүү иштери башталды, окуянын катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам чаралар көрүлүп, бардык жагдайлар такталууда»,- деп айтылат маалыматта.








