Бүгүн, 6-февралда төрага Нурланбек Шакиев айрым депутаттарга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын жана Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.
КМШ алкагындагы маалымат мейкиндигин калыптандырууга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КМШ ПААнын жана Мамлекеттер аралык «МИР» телерадиокомпаниясынын «Древо дружбы» күмүш медалы депутат Медербек Алиевге ыйгарылса, депутаттар Акылбек Түмөнбаев менен Улугбек Ормоновго Ассамблеянын 30 жылдыгына арналган маарекелик медалдар берилди. Ушундай эле маарекелик Эстелик белгилери Балбак Түлөбаевге,Султанбай Айжигитовго, Жалолидин Нурбаевге тапшырылды.
Мындан тышкары, “Парламенттик кызматташууну бекемдегени үчүн” аталышындагы ЖККУ ПАнын медалдары менен депутаттар Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев жана Улан Бакасов сыйланды. Ошондой эле ЖККУ ПАнын Ардак грамоталары Данияр Төлөновго, Аманкан Кенжебаевге, Лейла Луровага, Гүлкан Молдобековага, Замирбек Мамасадыковго, Кундузбек Сулаймановго жана Алишер Эрбаевге ыйгарылып, Азизбек Турсунбаев менен Алишер Козуев Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын алышты.
Иш-чаранын соңунда Нурланбек Шакиев эл аралык байланышты чыңдоодо жана парламентаризмди өнүктүрүүдө сыйлык ээлеринин салымы чоң экенин белгилеп, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов калаанын Каныбек Ташиев 3а дарегинде жайгашкан эки кабаттуу (жатакана тибинде) турак үйдүн жашоочуларынын көйгөйлөрү менен...
«Ишеним» депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдагылиев, депутаттар Кубанычбек Самаков жана Гүлшаркан Култаеванын катышуусунда «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө»...
20-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаап, жолдор тайгак...
Бишкек мэриясы кечээ, 22-апрелде кечинде Мустафа Кемал Ататүрк сейил багында «Бермет» кафесинин жанында асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөнүн белгилейт. Жашылдандыруу эрежелеринин...
Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин...