Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчисинин айынан SuperTV’нын журналисттери парламенттин имаратына киргизилбей жатат

Бүгүн, 19-майда SuperTV телеканалынын журналисти Жогорку Кеңешке дагы киргизилген жок. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин Каимовдун SuperTV телеканалынын өкүлдөрү менен бүгүн болот деп сүйлөшүлгөн жолугушуусу ал тараптан белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул аралыкта SuperTV телеканалынын журналисттерине Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдырууга уруксат берилген жок.

SuperTV телеканалы мамлекеттик мекемеге кирүүгө эч кандай чечим жок эле тыюу салынганын мыйзамсыз деп эсептейт. Ошондой эле SuperTV телеканалы Жогорку Кеңештин бир депутаты Надира Нарматованын жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин Каимовдун айынан парламенттин имаратына киргизүүгө тыюу салынганын сөз эркиндигине кысым көрсөтүү деп баалайт.

Кечээ, 18-майда SuperTV телеканалынын журналистине журналисттик милдетин аткаруу үчүн Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынган болчу.