«Бир бол» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов көпкө созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу маалыматты парламенттин басма сөз кызматынан ырасташты.
Алмазбек Акматов 1964-жылдын 18-октябрында Нарын облусунда туулган эле. 2007-2012-жылдары Эсептөө палатасынын Бишкек, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
SUPERTV’нын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.