Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
«Ардактуу асылзат айымдар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан жагымдуу жаз майрамы — 8-Март Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Бул күн аялзаты менен байланышкан бардык жакшы касиеттерди, аруу тилектерди камтыйт. Анткени, алар ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту болуп келет. Ошондой эле аялзат бизди бардык учурда колдоп, кыйын учурда жөлөп турган мээрман энебиз, асылкеч жарыбыз, жароокер кызыбыз болуп эсептелет. Андыктан, сиздерге кажыбас кайратыңыздар, үй-бүлө коломтосун өчүрбөй, бизге кылган камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге түгөнбөс бакыт, бекем ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө ынтымак жана береке тилейм! Ушул күн сиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып, жазгы жаркын маанай тартууласын!» — деп жазылат куттуктоодо.