Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү. Ага ылайык, сотко Башкы прокуратура менен Исаковдун адвокаттары 29-апрелде кайрылып, ишти жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароого жөнөтүү тууралуу өтүнүч келтирген жана ал канаатандырылган.
«Бишкектеги Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабарындагы, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы чечимдери, Жогорку соттун 2020-жылдын 22-июнундагы жана 2021-жылдын 2-мартындагы Сапар Исаковго байланыштуу токтомдору жокко чыгарылды. Кылмыш иши кайрадан жаңы териштирүү жүргүзүү үчүн Свердлов райондук сотуна судьялардын башка курамына жөнөтүлдү»,— деп жазылган Жогорку сот тараткан маалыматта.