Социалдык тармактарда колдонуучулар арасында айдоочулук күбөлүктү 2 күндө сатып алууга мүмкүнчүлүк берген жарандардын аккаунттары таркатылып жатат. Алдамчылар өзүнүн көрсөткөн кызматтарын 7 миң-15 миң сомго чейин баалап, алдын ала толук суммасын которгондон кийин айдоочулук күбөлүктү даярдоого убада берип жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Сиз аларга толук сумманы которгондон кийин, алар телефон номурун өчүрүп, жок болуп кетишет, бул кадимки алдамчылык схемасы экенин түшүнсөк болот.
«Кылмыш-жаза кодексинде атайылап жалган документти пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик, анын ичинде эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертебиз. Сиз алдамчылардан айдоочулук күбөлүктү сатып алган күндө да, ал Кыргыз Республикасынын айдоочулук курамдын маалымат базасында катталбайт жана мындай аракеттер сизди кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келет. Жарандарды кыраакы жана жоопкерчиликтүү болуп, жеке маалыматтарын алдамчыларга жибербөөнү суранабыз», — дешти милициядан.