Жолдошбек Жанжигит уулу: «Азиздин «эмдиги жылы уулумдун тоюн кылам» деген кыялы ишке ашпай калды»

«Азиздин «эмдиги жылы уулумдун тоюн кылам» деген кыялы ишке ашпай калды». Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнатында сүйлөгөн курсташы, актёр Жолдошбек Жанжигит уулу айтты.

«Азиз курсташтардын арасынан борпоң, элпек көрүнгөн менен баарыбыздан күчтүү болчу. Биз бир театрда жүрсөк, Азиз күндүз шаардык театрда ойноп, кечкисин кыргыз драма театрда ойноп, андан кийин орус драма театрда репетиция кылып жүрчү. “Менин бир тууганым жок, бирок менин бир тууганым силерсиңер” дечү бизди. Бүгүн акыркы сапарга татыктуу узап атат. “Эмдигии жылы уулумдун тоюн кылам” деген кыялы ишке ашпай калды. Эки уулунун өмүрү узун болсун», — деди ал.