«Жолдошум менин майыптыгыма карабай, 6 балам менен алды» дейт көзү азиз келин

Бишкектин быжыраган эл чогулган базарларын кайыр сураган кишилерсиз элестетүү кыйын. Көпчүлүк алардын тагдырына кызыгып көрбөсө керек. Кандай сыноолордон улам ушул абалга түшүп калганын айтып берген каарманыбыз Айжан Иманалиева төмөнкүлөргө токтолду.

«Мен жолдошума ыраазымын. Себеби менин майыптыгыма карабай, 6 балам менен алды. Бизди бакканына, караганына мен ыраазымын. Мен жолдошумду кандай жакшы көрсөм, балдарым да «ата» деп аябай жакшы көрүшөт. Жардам берип жүргөнүнө быйыл 5 жыл болот. Ишенип турмушка чыгуу кыйын болду. Өзүмдүн өмүрүмдү, балдарымдын өмүрүн жолдошума ишендим«, — дейт келин.

Келин «Дордой» базарында тилемчилик менен жан багат. Анын айтымында, жолдошу жумушу чыгып калганда аны базардагы борбордук көчөгө таштап кетет. Ал эми убактысы болгондо, эртеден-кечке чейин жетелеп жүрөт. Мындан тышкары келин тагдырын айтып берди. Ал алгач 15 жашында турмушка чыккан. Бирок жолдошу каза болуп калган. Андан кийин 2 жолу турмуш курган.

«Өзүм Ысык-Көлдө төрөлгөм. Бирок Чүйдө өскөм. Турмушка эрте чыктым. Чоң сүйүүгө кабылгам десем болот. Менин жакындарым буга каршы болушкан. Ага карабай турмушка чыктым. Бирок жолдошумдун өмүрү кыска болду. Анын өмүрү кыска болбогондо, балким мен бул турмушту көрбөйт белем… Жолдошум кайтыш болгондон кийин татаал жашоого кабылдым. Кийинки жолдошум көп сабачу», — дейт келин.