Жалпы республикалык тестирлөөдөн 223 балл алып, «Алтын сертификаттын» ээси болгон Жети-Өгүздөгү Кут Билим окуу тарбия комплексинин окуучусу Актилек Шекенов СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тууралуу айтып берди.
«Мен 2004-жылы Каракол шаарында төрөлгөм. 3 бир туугандын экинчисимин. ЖРТга 9 ай даярдандым. Буга чейин туугандардын арасында «Алтын сертификат» алгандар болгон. Биология, химия, алгебраны кызыгып, жакшы окудум. Эми Кыргызстанда эле калам. IT-тармагына абдан кызыгам. Буюрса, АУЦАга тапшырам деген пландарым бар. Мен бул окуу тарбия комплексин тандаганыма өкүнбөйм, анткени идеологиясы туура келет, билими мыкты. 222 балл алган Төлөнбек Абдыбеков менин досум», — деди ал.