«Жубайым күтүүсүз каза болуп, 4 бала менен калдым» деген SUPERTV’нын каарманы үйлөндү

Мындан беш ай мурда SUPERTV’га “Жубайым күтүүсүз каза болуп, 4 бала менен калдым. Кичүүсү 2 айлык ” деген 32 жаштагы атанын маеги жарык көргөн.

Ал жубайы колунда жан бергенин айткан. Дарыгерлер жубайынын өлүмүнүн себебин жүрөк оорусу болду дешкен. «Үйгө келгим келбей, «эмне үчүн?» деп таарынып жаттым. Балдар эртең чоңоюп кетет, бирок жашоодо көңүлүңө жакын адам менен жашагың келет да. Мен келинчегимди жакшы көрүп үйлөнгөм, көзүмө өзү эле көрүнчү. Атам-энем жок болгондуктан, ошол адам менен кеңешип иш кылчумун. Cтресске кабылдым. Кичинекей кызым мени сактап, алып калды. Үйдө туугандар бар кезде, көчө кезип кетип калат элем. Бирок үйдө кызым бар деп, кайтып келчүмүн. Азыр Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. 6 ай болду, бирок толугу менен өзүмө келе албай жатам. Кызым мени көрбөсө такыр уктабайт», деген ал.

Видеону ушул күнгө чейин 600 миңге жакын адам көрдү. Каарманыбыз элден 450 миң сом чогулганын жана балдарына эне, өзүнө сүйүктүү жар тапканын кабарлады.