«Жумуш издеп кеткен». Жалал-Абадда 3 баласы менен дайынсыз болуп жаткан келин Бишкекте табылды

Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан келин 3 баласы менен Бишкектен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы  Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну 36 жаштагы келин 28-февраль күнү 3 баласы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат берген.

Маалымат ЖМКларга жана социалдык тармактарга тараган соң келин өзү байланышка чыккан. Ал үйүнөн жумуш издөө үчүн эч кимге айтпастан чыгып кеткендигин билдирген. Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери келиндин Бишкек шаарында жашаган жерине барып кабар алышкан.