Abank
SerepTV Logo

"Жунхай" базарында Казакстандын 17 жаштагы жараны дайынсыз болууда

"Жунхай" базарында Казакстандын 17 жаштагы жараны дайынсыз болууда
Бишкектин Свердлов РИИБи тарабынан Абдуллаев Ильяс Олегович изделип жатат. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, 28-августта милицияга жаран кайрылып, Казак жараны 2005-жылы туулган жээни жок болуп жатканын айтып, таап берүүнү суранган. Ал ошол эле күнү "Жунхай" базарында белгисиз тарапка кеткен бойдон кайтып барган эмес. Учурда жигиттин жүргөн жери белгисиз болууда. Белгилери: бою 160 сантиметр, арык, чачы кыска кара, көздөрү күрөң, психикалык жактан жабыркайт, сүйлөшкөндө өзүн агрессивдүү алып жүрөт. Кийген кийимдери: кара спорттук шым, ак түстөгү "United Colors of benetton" деген жазуусу бар кара футболка, бутунда кара спорттук бут кийим. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 557 11-94-10, 0 701 28-28-09, 0 702 49-8888 номурларына чалсаңар болот.