Президент Садыр Жапаров №26 Ленин шайлоо округу боюнча талапкер Равшан Жээнбековго добуш бергенин журналист Питер Леонард социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Маалымат каражаттарына атайылап ачыкка чыгардыбы же жокпу, президент Садыр Жапаров бир мандаттуу округда 2019-жылдын августундагы массалык башаламандык боюнча айыпталып соттолуп жаткан Равшан Жээнбековго добуш берди», — деп жазды ал.
In what may (or may not) have been an intentional reveal to the press, President Japarov cast his vote in his local single-mandate district for Ravshan Jeenbekov, who is currently facing trial on charges related to unrest in August 2019 #Kyrgyzstan pic.twitter.com/WhiL1q5Xo5
— Peter Leonard (@Peter__Leonard) November 28, 2021