Кыргызстандын медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова журналист Улукбек Карыбек уулун акча иштөө максатында медицина тармагындагы иликтөөлөрдү жасоодо деп сындаганы маалымдалган. Улукбек Карыбек уулу Барыктабасованын билдирүүсү боюнча жооп берди.
«Мени Бермет Барыктабасова акча иштеп жатат деп айтып жатат. Бул мени каралоо, такталбаган маалымат. Мен Ютуб каналымдан ал көрсөтүп жаткандай суммадагы акчаны эмес, бир тыйын ала элекмин», — деп окуя тууралуу токтолуп өткөн.
«Ошол күнү саат кечки 5 боло элек болчу. Биз комментарий алуу үчүн министрликке барганбыз. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков чыгып бизге жолугуп, камерасы жок сүйлөшөбүз деп кирип кетти. Эки сааттан ашык күтүп отурсак чыккан жок. Акыры кирип, бизге маалымат берип койгула деп айтып коёюн десем, бизди бастырып кирди деп видеого тартып, социалдык баракчага чыгарып салышты. Биз эч кимдин жалданма адамдары эмеспиз, медицина жактан далай иликтөөлөр жүрүп жатат. Алдыда чоң коррупциялык иштерди чыгарабыз», — деген журналист.
Молодец
Улукбек КАРЫПБЕК УУЛУ
ЭЛДИН уну жетпеген жерледи видного тартып чагылдырып сыртка корсотуп атасыз ….мен сизди КОЛДОЙМУН …
Азаматсын Улукбек мыйзам чегинде ким күнөөлүү болсо жазасын алыш керек!Сатыбалдиева
Азамат
Ийгилик каалайбыз Улукбек.
Улукбекке мен да колдоо көрсөтөм . Анткени медицина жаатындагы ишкерлер актанбай эле коюшсун, аларга оорулуу келе жатканда акчасы керек эч кандай ооруган жери көрүнбөй калган эле. Эми эч актанбагыла жегениңерди кусуш кыйын болуп жатабы? Айлыктан сырткары алып жаткан сабашкалары жок чыдабай жатышабы? Эмне?