Ушул жылдын 6 айында эле 60тан ашуун жашы жете электер республиканын көлмөлөрүндө чөгүп кеткен. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан суудагы кырсыктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
«Өспүрүмдөрдүн суу объектилеринде жүрүүсүнүн коопсуздугун сактоого багытталган иш-чаранын алкагында инспекторлор тарабынан көлмөлөрдүн жанында жана дарыя жээктеринде жайкы эс алуу жайларын текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көлмөлөрдөгү коопсуздук чаралары, спирт ичимдиктерин ичүүгө жол бербөө, эс алуу жайларында тазалыкты жана тартипти сактоо жана өз буюмдарын кароосуз калтырбоо жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери эс алуучуларга атайын бөлүнгөн жайларда гана сууга түшүүгө, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырууга жол берилбестигин жана балдарга чоң кишилердин катышуусунда гана сууга түшүүгө болорун эскертишти», — деп айтылат маалыматта.