Жаңы окуу жылында мектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, жынсы шым, кардиган, футболка, водолазка, кроссовкалар мектеп формасынын түстөрүнө дал келгени менен стандартка жооп бербейт. «Пандемия башталганда мектептерде билим берүү онлайн жана оффлайн форматында өттү. Ал кезде ата-энелерге, окуучуларга бирдиктүү форма кийүүнү талап кыла алган жокпуз, эркин стилдеги кийимдерге уруксат берилген. Окуучулар сабакка болгон кийимдери менен барышты», — деп түшүндүрдү Надира Жусупбекова.
Ал класс жетекчилердин да, мектеп жетекчилигинин да ата-энелерди кайсы бир жерден форма сатып алууга мажбурлоого укугу жок экенин баса белгиледи.
Билим берүү министирлер ушинтип закон чыгарышат, аны мектеп администрациясы ушундай болуш керек деп ата энелерден жана окуучулардан аябай талап кылышат,а бирок эмнеге фонтко охра техничкага жана башкаларга акча бергиле деп кыйнай беришет,болбосо билим министирлер мугалим акча доолаганга укуктары жок дешет, азыр баары кымбат чыбык бир үйдө төрттөн бештен бала окууйт кеңири ата энелер баласына карап мугалим жакшы баа коюп, жакшы мамиле кылсын деп айла жок макул болушат.Эмне үчүн ушуну мугалимдер мектеп жетекчилер ушуну эске алышпайт өздөрүнө келгенде талапты койюшат ,а акчага келгенде министирдин талабын четке кагып койюшат ,эмне үчүн өкмөт пол жугуч охранага жетиштүү акча бөлүп бере албайт