Кадамжайда мугалим айдаган унаадан кулаган окуучулар. Министрлик кимге, кандай жаза берди?

Билим берүү жана илим министрлиги Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн №16 аппараттык кеңешмесинин протоколдук чечиминин негизинде Өрүк-Зар орто мектебинин директоруна эскертүү берилип, тарбия иштери боюнча директордун орун басары, соцпедагогдор кызмат ордуларынан бошотулгандыгын билдирди.

Ал эми 9-а-б-класстарынын класс жетекчилери иш ордуларынан бошотулду. 1-июндагы Өрүк-Зар орто мектебинин 9-класс окуучуларынын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирилген окуянын негизинде райондук билим берүү бөлүмүнүн иш планы түзүлүп, иш аракеттер жүргүзүлдү.

1-июнда Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы Өрүк-Зар орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары Hyundai Porter унаасы менен жол кырсыгына кабылган.