Кадамжай районунда көмүр базалары уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Кадамжай райондук администрациясынан билдиришти.
«Орозбеков айыл өкмөтүндө кышка карата даярдык көрүү максатында жашоочуларга арзан баада көмүр базалары уюштурулду. Ар бир мүшөктүн салмагы 45 килограммдан, баасы 340 сомдон тургундарга сатылууда.
Кызыл-Кыядагы көмүр казуучу ишкерлер менен сүйлөшүүнүн негизинде 14 тонна көмүр алып келип, Орозбеков айыл өкмөтүндө жана Кудук айылында эки көмүр базалары уюштурулду. Айыл тургундары өздөрү жашаган айылдын башчыларына же Орозбеков айыл өкмөтүнө кайрылышса болот. Эртең Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинде Сүлүктү көмүр өндүрүүчүлөр менен арзан баада көмүр жеткирүү боюнча жерине барып сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт»,- деп айтылат маалыматта.