Кадамжайда төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Бегимай аттуу кыз изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2005-жылы туулган Бегимай Кенжебаева 11-июнда болжол менен саат 06:30да Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Калтак айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бул факты Кадамжай райондук милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүп жатат.
Белгилери: бою 160-155 сантиметр, кашы-көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Бегимайдын жүргөн жерин билгендер болсо, анда төмөндөгү телефондорго чалып койсоңуздар болот: (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16.










