21-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун кызматкерлери Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышты. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
«Баруу учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Атап айтканда, температуралык режим сакталган эмес: мекеменин коридорлорунда абанын температурасы болгону +5°C, ал эми уктоо бөлмөлөрүндө +11°C ден +13°C ке чейин жетет. Мунун айынан кызмат алуучу адамдар бөлмөлөрдө сырткы кийим жана баш кийим менен жүрүүгө аргасыз болушууда, ошондой эле уктоочу матрастар антисанитардык абалда. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, имарат ичиндеги температура +18°C ден +24°C ге чейин болушу керек.
Ошондой эле тамак-аш системасында да кемчиликтер табылган: тамак аштарды даярдоо үчүн, ашкана кызматкерлеринин айтымында, кампадан 20 килограмм чийки эт алынган деп көрсөтүлгөн, бирок иш жүзүндө болгону 8 килограмм бышырылган эт болгон. Андан сырткары, бир ашкана кызматкеринде санитардык китепче жок болуп чыккан. Аныкталган фактылар боюнча акт түзүлүп, тиешелүү органдарга жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.