Abank_oct
SerepTV Logo

Президенттик шайлоо: азырынча талапкерлигин коюуну каалаган эч ким жок

Президенттик шайлоо: азырынча талапкерлигин коюуну каалаган эч ким жок

Президенттик шайлоого катышууну каалаган жарандардан Борбордук шайлоо комиссиясына азырынча бир да арыз түшө элек. Бул тууралуу 24.kg сайтына БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Ал арыз тапшыруунун акыркы мөөнөтү 13-ноябрь экенин эске салды. Андан кийин БШК талапкерлерди каттоого алып, шайлоону өткөрүүгө даярдык иштерин улантат.

Буга чейин «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан эки жаран өткөнүн билдирген. Бирок мекеме алардын аты-жөнүн жарыялаган эмес.

Президенттик шайлоого катышарын президент Садыр Жапаров, саясатчы Өмүрбек Суваналиев, жоюлуп кеткен Финполдун башчысы болгон Сыймык Жапыкеев билдирген.