«Кафеде идиш жууп иштеп жүргөн». Чүйдө дайынсыз болуп жаткан кыз табылды

Буга чейин дайынсыз болуп, изделип жаткан кыз табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

26-январда милицияга кыздын атасы кайрылып, анын 20 жаштагы кызы дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган арыз боюнча издөө иштери башталган.

Кечээ, 9-февралда саат 21:30 чамасында кыз Бишкек шаарындагы кафелердин биринде табылган. Ал кафеде идиш жууп иштеп жаткан. Профилактикалык иш жүргүзүлгөн соң, ата-энесине өткөрүп берилген.