Кечээ, 4-июлда “Манас-Ата” кафеси комиссия тарабынан текшерилди. Биринчи вице-мэр Марс Исаев жетектеген комиссиянын курамына Санэпид, “Ош электр”, “Тазалык”, “Ош шаар суу канал”, Архитектура башкармалыгы, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү кирди.
Комиссия бардык жагдайларды иликтеп бүткөнгө чейин тамактануучу жай жабылды. Суусу жана электр энергиясы өчүрүлүп, «Тазалык» ишканасы да келишимди токтотту. Ошондой эле жайгашкан жеринин мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Комиссиянын иликтөөсүнөн соң кафенин ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык чыгарылат.
This is a modal window.