«Кайненем уулун кызганып, күйөөм экөөбүздү бир төшөккө жаткырбай койду» дейт келин

SUPERTV’нын бул жолку каарманы Элеонора Эсенгулова болду. Каарманыбыз жашоосунда кайын журту, жолдошу тарабынан бир катар кемсинтүүгө кабылганын айтып берди.

Анын айтымында, турмушка өтө эле кеч чыккан. Ал турмушка чыгам деп таптакыр ойлогон деле эмес. Бирок исламда жалгыз жүрбөш керек дегенинен гана турмушка чыгууга аргасыз болгонун айтып берди.  «Турмушка 35 жашымда чыктым. Мен турмушка чыкпайм деп ойлоп жүргөм. Жоолук салынып, намаз окуп калдым. Исламда айтылат жалгыз жүрбөш керек деп. Ошол себептен турмушка чыккам. Башында жаккан эмес, турмушка чыккан соң, жактырдым. Турмушка чыкканда эле кайненем кызгана баштады. Бизди чогуу жаткырбай койду. Күйөөм менден 5 жаш кичүү болчу. Аны мен тийгенден кийин билдим. Кайненем мени жактырган жок. Бир үйдө эле турчубуз. Эртең менен жумушка кетет, кечинде келет. Сүйлөшчү эмеспиз. Акыры бир айдай өзүнчө жатып жүрдүк. Анан кетип калгам. Мага сезими болбосо керек», — деди ал.