Кайра шайлоо. БШК жыйынтыгын 12-мартка чейин чыгарат

27-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо эки — Биринчи Май жана Свердлов райондорунда өтөт.

БШК бекиткен графикке ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгы 12-марттан кечиктирбестен чыгарылат.

Депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда, башкача айтканда 2022-жылдын 7-февралына чейин жүрөт.