Жолугушууда буга чейинки эки өлкө ортосундагы маданий байланыштар талкууланып, кызматташуунун жаңы тараптарын камтыган келишимге кол коюу тууралуу макулдашылды. Түркияда Кыргыз өлкөсүнүн, андан соң Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү маданият күндөрүн белгилөөнүн иш-планын иштеп чыгуу тапшырмасы эки тараптын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылды. Ошондой эле, кино жана театр багыттары боюнча тажрыйба алмашуу жана таанытуу максатындагы иш чаралар жандандырылып, жаңы баскычка көтөрүүгө эки тарап тең кызыктар экенин билдиришти. Ошондой эле түрк дүйнөсүндө ар тараптуу, алгылыктуу иш алып келе жаткан Түрк Кеңеши жана ТҮРКСОЙдун мындан аркы ишмердүүлүгүнө жакындан көмөктөшүү маселелери талкууланып, сунуштар айтылды.
Мехмет Нури Эрсой мырза Ысык-Көл өрөөнүнө пландаштырылып жаткан Махмуд Кашкари атындагы маданий борбордун курулуш иштерин тездетүү маселесин өз көзөмөлүнө аларын белгилеп, орток мурастарды бүткүл түрк дүйнөсүнө таанытууда ар дайым колдоо көсөтүүсүн милдет деп эсептеди.