Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды

Иманалиев Кайрат Олжобаевич Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кайрат Иманалиев 2021-жылдын октябрь айынан бери КТРКнын башкы директорунун милдетин аткарып келген. Каналга «улуттук» макамын беришти.