«Кайрылгандардын саны аз болду». Республикалык дартты аныктоо борбору жоюлат

Бишкек шаарынын Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Республикалык диагностикалык борбор жоюлат. Бул тууралуу журналисттерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка кол коюлду. Диагностикалык борбордун ордуна балдар ооруканасы ачылат. «Балдар ооруканасы 240 орунга ыңгайлашат. Соңку 3 жылда диагностикалык борборго кайрылгандар аз болду, ошондуктан аны жоюуну чечтик. Өзүңөр билгендей, ал жерде буга чейин сасык тумоо жана курч респиратордук-вирустук инфекция менен ооруган балдар үчүн бөлүм ачылган», — деди министр.