Камчы Көлбаевдин Жолдошбек аттуу иниси кармалганын «Спутник» жазды.
Андагы маалыматка караганда, Жолдошбек Көлбаев учурда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында. Анын кайсы иш боюнча кармалганы так айтылган эмес.
Жолдошбек Көлбаев Дзюдо федерациясын 2016-жылдан 2024-жылдын март айына чейин жетектеген.
Расмий маалымат берише элек.