УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 6 балалуу энеге 2 бөлмөлүү батир тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Төрага 29 жаштагы 6 баланын энеси Айжан Болотбековага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Болотбекова жалгыз бой эне, анын эки баласынын жана өзүнүн да майыптыгы бар. Колунда 5 айлык ымыркайы менен мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, балдарын багууга шарты жок. Туруктуу жашаган үйү жоктугунан улам, батирлеп жүрүп, ижара акысын төлөөдө да кыйынчылыктар болуп келген. Андыктан, 6 балалуу эне жардам сурап шаардык мэрияга кайрылган. Бирок ал жактан эч кандай жооп болгон эмес.
Мындан улам жалгыз бой эне УКМК төрагасына көмөк сурап кайрылган. Жыйынтыгында Болотбековага Ташиев шаардан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын белек кылды.