«Азыркы шарттар КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын тыгыз кызматташуусун талап кылат». Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин билдиргенин «Регнум» жазды.
Бүгүн, 30-сентябрда Путин КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук жана чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин 18-жыйынынын катышуучуларын куттуктады. Анда ал глобалдык кризистин, эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүү шартында КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын кызматташуусу өзгөчө талап кылынат.