Камчыбек Ташиев неберелерине тушоо той жана бешик той өткөрдү (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эки небересине тушоо той жана бешик той өткөрдү. Тойдун видеосун анын келини, Тай-Мурас Ташиевдин жубайы, актриса, модель Эркеайым Абдуллаева социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев 12-июнда дагы бир ирет неберелүү болгон. Тактап айтканда, Таймурас Ташиев менен анын жубайы кыздуу болушкан. Түгөйлөр 2018-жылы үйлөнүшкөн. Алар 2020-жылы Альмир аттуу уулдуу болушкан.