УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын жаңыдан курулуп жаткан имараттарын көрүп чыкты.
Буга чейин Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында аталган интернат толугу менен жаңыдан курулуп баштаган жана ушул жылдын жаңы окуу жылына пайдаланууга берүү тапшырмасы коюлган болчу.
Курулуш иштерин алып барып жаткандарга жумуштарды август айына чейин толугу менен аяктап, мектеп интернатынын жетекчилигине өткөрүп берүү тапшырмасы коюлду. Ал эми өз кезегинде Ош шаардык билим берүү бөлүмү жана Ош шаардык мэриясы мектеп-интерантынын жетекчилиги менен биргеликте имараттарды толугу менен талаптагыдай кылып жасалгалоо иштерин жургузүшөт.
Камчыбек Ташиев окуучулар үчүн бирдиктүү кийим, транспорт жана атайын сабактар үчүн каражаттарды жеткиликтүү деңгээлде чечүүнү тийиштүү тараптарга милдеттендирди.
Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернаты 700 орундуу болуп, 500 баланын жатып окуусуна ылайыкталып курулууда. Интернатта спорт залы, спор аянтчалары, эс алуу багы, санитардык бөлүм жана башка бардык заманбап шарттар түзүлөт.











