Канат Бегалиев Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы мекемесинин директору болуп дайындалды

Канат Бегалиев Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти жөнүндө жобого ылайык, Бегалиев Канатбек Кубанычбекович Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.