Кара-Балта шаардык кеңеши жол акынын жаңы тарифтерин бекитти

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспорттун жаңы тарифтерин бекитти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Кара-Балта шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы тарифтер: пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана 1-класстан 5-класска чейинки окуучулар үчүн – 10 сом. Калган жарандарга – 15 сомдон. Тарифтер шаардык кеңештин депутаттарынын жарлыгы Юстиция министрлигинде катталгандан кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу расмий түрдө дагы билдиребиз», — дешти.