Кара-Суу шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, борбор Сарай, Ак-Таш, Савай, Жаңы-Арык, Кашкар-Кыштак, Жоош жана башка жакынкы конуштардын 400 миңден ашуун жашоочуларына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө көмөктөшүү максатында ачылган. «Борбор 26 кызматкерден турат. Алар күнүнө 500дөн ашуун жаранды тейлейт», — деп белгилешти МККдан.












