«Кара тизмеге» кирген 47 миңдей кыргызстандыктын Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды

Орусияда майда административдик укук бузууларды жасаган 47 миңдей кыргызстандыктын Орусиянын аймагына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жарандарынын Орусиядагы укуктук абалына жана ал аймакта мыйзамдуу туруусун камсыздоо маселеси боюнча май айындагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлигинин орус тарап менен жүргүзүлгөн иштин натыйжасында мурда Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын тизмеси кыйла кыскартылды.

Натыйжада, 47 миңдей кыргызстандыктын Орусиянын аймагына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын 35 миңге жакын жараны Орусияга кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде калууда, алардын ичинде Орусиянын соттордун чечиминин негизинде Орусиядан чыгарылгандар бар.