Шейшемби, 31.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Каракол шаарында «Ынтымак» футбол стадионунун ачылыш аземи өттү

10:10 24.05.2025
0
Каракол шаарында «Ынтымак» футбол стадионунун ачылыш аземи өттү

«Өлкөбүздө спорт, өзгөчө футбол жаатында болуп жаткан инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр – стадиондорду, футболдук оюн талааларын, спорттук базаларын кайрадан калыбына келтирүү иштери, жаңыларды куруу иштери аябай чоң темп менен жүрүп жатат», — деп президент Садыр Жапаров кечээ, 23-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Ынтымак» футбол стадионунун ачылыш аземинде белгиледи.

Мамлекет башчысы жаңы стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, спорт залды, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү жана административдик жайларды көрүп чыкты. Мында заманбап үн жабдуусу жана көрүүчүлөр үчүн чоң LED-экран менен орнотулган. Гибриддик талаада автоматташтырылган сугат системасы бар, аянт чуркоо жолу менен жабдылган, машыгуу аянтчалары көрктөндүрүлгөн.

Садыр Жапаров стадион 1974-жылы курулганын жана андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөнүн эске салды. Эки жыл мурда Президент стадионду реконструкциялоо үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырмасын берген.

«Стадион — бул жөн гана оюн талаасы эмес. Бул — шаар жаштарын сергек жашоого үндөөчү, спорттун түрлөрү менен машыгып, ден соолугун чыңдоочу, жамы журт чогулуп, ар кандай мелдештерди, концерттик иш-чараларды өткөрүүчү жана эң башкысы спорттук күрөштүн аренасы гана эмес, биримдикти, ынтымакты жана мекенчилдикти чыңдоочу ордо», — деди мамлекет башчысы.

Жаңы стадион 3380 көрүүчүгө ылайыкталган жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Кечки беттештерди өткөрүү үчүн Кыргызстандын футбол союзу жарык берүүчү мамыларды орнотту. Административдик жайлар, медиа зоналар, медициналык, калыстар, допинг көзөмөл бөлмөлөрүн жана башка техникалык бөлмөлөр – баары жаңыланды. 200дөн ашык орундуу унаа токтотуучу жайы дагы салынган.

«Ошентип, өлкөбүздө спорт, өзгөчө футбол жаатында болуп жаткан инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр – стадиондорду, футболдук оюн талааларын, спорттук базаларын кайрадан калыбына келтирүү иштери, жаңыларды куруу иштери аябай чоң темп менен жүрүп жатат. Быйыл дагы 15 стадиондо, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларындагы ири стадиондордо калыбына келтирүү иштери башталды», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле бул иштердин бардыгы «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жана «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыктарынын алкагында ишке ашырылып жатканын өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы 51 миң орунга эсептелген Борбор Азиядагы эң чоң стадиондордун бири курулуп жатканын эске салды. Ал ошондой эле Кыргызстан 2031-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогун өткөрүүгө арыз бергенин белгиледи.

Соңунда Садыр Жапаров азыркы учурда заманбап «Ынтымак» стадионунда жогорку деңгээлдеги футбол беттештерин өткөрүүгө болорун канааттануу менен белгиледи. Ошондой эле ал стадион жалпы республикада да, Каракол шаарында да кыргыз футболунун өнүгүшүнө чоң салым кошоруна, дал ушул жерде жаш спортчулар машыгып, мелдештерге даярданышып, алардын арасынан өлкө намысын даңазалаган чемпиондор чыгаарына ишенимин билдирди.

Ачылыш аземинен кийин Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 11-турунун алкагында “Барс” (Каракол) жана “ОшМУ” (Ош) футбол клубдарынын беттеши болуп, ага президент Садыр Жапаров катышты.

 

1 / 5
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:20 30.03.2026
0

2026-жылдын курулуш мезгилинде өлкө ичиндеги стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор оңдолот. «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми...

Садыр Жапаров сом Кыргызстанда басылып чыга баштаганын билдирди

УКМКнын мурдагы төрагасы: “30 жыл Кыргызстанды көз каранды кылып келген паспорттук мафия жеңилди”

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:15 30.03.2026
0

"Улуттук валютабыз тарыхта алгачкы жолу өзүбүздө басыла баштаганы тууралуу кабарды чоң канааттануу менен кабыл алдым. Мындан үч жыл мурда өзүбүздүн...

Депутат Айдарбеков: «БШК 3 күн ичинде мандатты берүүгө милдеттүү. 19 күн өттү»

Депутат Айдарбеков: «БШК 3 күн ичинде мандатты берүүгө милдеттүү. 19 күн өттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:42 29.03.2026
0

"БШК 3 күн ичинде мандатты берүүгө милдеттүү. 19 күн өттү". Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Чыңгыз Айдарбеков соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди....

Ташиевдин уулу ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айтып чыккан сөзүн калп деди

Ташиевдин уулу ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айтып чыккан сөзүн калп деди

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:55 29.03.2026
0

"Биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттери улантылып жаткандыгына байланыштуу кайрадан түшүндүрмө берүүгө туура келип турат". Мындай билдирүүнү УКМКнын...

Министр: «Арашан багытындагы иштер аркылуу кой генофондун жакшыртуу — чоң жетишкендик болот»

Министр: «Арашан багытындагы иштер аркылуу кой генофондун жакшыртуу — чоң жетишкендик болот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:14 29.03.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

16:20 30.03.2026
Садыр Жапаров сом Кыргызстанда басылып чыга баштаганын билдирди

УКМКнын мурдагы төрагасы: “30 жыл Кыргызстанды көз каранды кылып келген паспорттук мафия жеңилди”

16:15 30.03.2026
Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

16:45 30.03.2026
Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

16:45 30.03.2026
Японияда сакура гүлдөгөн мезгил башталды. Ал бир аптага созулат

Японияда сакура гүлдөгөн мезгил башталды. Ал бир аптага созулат

16:31 30.03.2026
Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

16:20 30.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү