Кардашьян Кыргызстанда жасалган куурчактардын сүрөтүн жарыялады

Америкалык фотомодель, актриса Кортни Кардашьян өзүнүн Инстаграмдагы 156 миллиондук аудиториясына «Кыргызстанда жасалган» деген жазуусу бар куурчактардын сүрөтүн жарыялады.

Маалыматка караганда, оюнчуктар кийизден жасалган. Бул соцтармак колдонуучулары тарабынан жылуу кабыл алынып, колдонуучулар бул биздин кол өнөрчүлөргө жардам берет деп үмүттөнүп жатканын жазышты.

Кортни Кардашьян «Кардашьяндардын үй-бүлөсү» реалити-шоу берүүсү аркылуу таанымал болгон. Ал үй-бүлөдөгү кыздардын улуусу. Анын Хлои Кардашьян жана Ким Кардашьян аттуу сиңдилери, Роб Кардашьян деген иниси бар. Андан тышкары Кортни Кардашьяндын өгөй бир туугандары бар, анын ичинен Кендалл Женнер жана Кайли Женнер менен энелеш эже-сиңдилер.