Карта чыры. Кыргызстандагы окуу китепте да Ворух Кыргызстандан бөлүнгөн

Социалдык тармактарда Кыргызстандын картасынын кезектеги сүрөтү пайда болуп, анда биздин өлкөнүн ичинде жайгашкан тажик анклавы Ворух Кыргыз Республикасынан бөлүнгөнү даана көрүнүп турат.

Твиттердеги колдонуучу орус тилинде окуткан жалпы билим берүү уюмдары үчүн 3-класстын мекен таануу окуу китебин жарыялады. Китептин басылышы менен сиз анын жаңы — 2021-жылы чыкканын көрө аласыз.

20-ноябрда президент Садыр Жапаров да республикабыздын ичинде жайгашкан тажик анклавы Ворух Кыргызстандан бөлүнгөн картанын фонунда сүйлөгөн. Кийинчерээк бул чуулгандуу окуя боюнча Башкы прокуратурадан «Бул иш-чараны уюштуруудагы Башкы прокуратуранын жооптуу башкармалыгы менчик ишканага баннер жасоого буюртма берген. Буюртманы аткаруучулар тарабынан кетирилген мындай калпыстык үчүн уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт» дешкен.