Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда картошканын баасын ортомчулар көтөрүп жибергенин билдирди.
“Дыйкандар картошкасын 35-40 сомдон сатып жатышат. Алар бул баага ыраазы. Бирок ортомчулар базарларда бааны көтөрүп салышты. Ошто картошканын дүң баасы 60 сомго чыгып кеткен экен, биз иш алып баргандан кийин 49 сомго түштү. Ортомчулар ашыкча кошуп жибербеш керек”, — деди ал.
Төрөбаев ортомчуларды дыйкандардан картошканы сатып алгандан кийин ага 5 сомдон ашык кошпоого чакырды.