Abank_oct
SerepTV Logo

Касымалиев Билим берүү кызматкеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чарага катышты

Касымалиев Билим берүү кызматкеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чарага катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкеринин күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.

Касымалиев президент Садыр Жапаровдун атынан билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады. Ал мамлекет башчысынын куттуктоосун окуду.

«Мугалим кесиби – мамлекеттин, коомдун жана келечек муундардын алдындагы эң жооптуу кесиптердин бири. Улуу чех ойчулу жана педагог Коменский: «Күн алдында мугалимден бийик турган эч нерсе жок», – деп таасын айтылган. Ошондой эле бүгүн мугалимдик кесипке өзүн арнаган педагогдор – биздин келечекти көп жагынан аныктаган адамдар. Ошондуктан мугалимге болгон урмат-сыйды биз өлкөбүздүн келечегине болгон урмат катары кабыл алышыбыз керек! Эң башкысы, сиздерди бүгүнкү кесиптик майрам – Билим берүү кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бүгүн өлкөбүздүн билим берүү системасы өзгөртүүлөрдүн маанилүү этабында турганда, биз билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган масштабдуу реформаларды ырааттуу ишке ашырууга күч-аракетибизди жумшап жатабыз», – деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Куттуктоодо мамлекет мектепке чейинки жана мектеп билим берүүсүнө өзгөчө көңүл буруп жатканы белгиленген. Анын айтымында, жашаган жерине карабастан бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бош турган мамлекеттик жана муниципалдык имараттарды мыйзамда белгиленген тартипте бала бакчаларга кайра жабдуу, ошондой эле жаңы бала бакчаларды куруу жана бул багытта мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү милдетин өз мойнуна алышы керек.

Дагы бир маанилүү кадам – 12 жылдык билим берүү системасына өтүү. Бул билим берүүнүн мазмунун, окуу программаларын, стандарттарды, окутуу ыкмаларын жана педагогикалык кадрларды даярдоо системасын терең өзгөртүү, башкача айтканда дүйнөлүк деңгээлге чыгуу.

«Замандын талабына ылайык биз жаттап алууга негизделген системага эмес, баланы өз алдынча ойлонууга, командада иштөөгө жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга үйрөткөн системага өтүшүбүз керек. Тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө балдарыбызды санариптик технологияларды колдонууга, өз алдынча изилдөөгө, Мекенибизди, улуттук баалуулуктарды жана маданиятты терең билүүгө, ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө даярдообуз керек. Ошондуктан бүгүн мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу программалары жана окуу китептери жаңыртылууда. STEM багыттары, билим берүүнүн санариптик инструменттери жана заманбап окутуу ыкмалары өнүгүүдө. Жасалма интеллект, программалоо, дизайн, спорттук дрондарды башкаруу, робототехника, экологиялык жана туризм багыттары, улуттук баалуулуктар боюнча ар кандай ийримдер түзүлүүдө. Жаңы окуу жылында 500 мектепте шахмат ийримдери ачылды. Учурда республиканын 53 мектебинде балдар программалоо, робототехника жана заманбап технологияларды үйрөнө турган IT-Кванториумдарды ачуу пландалууда. Мындан тышкары, быйыл 220 мектеп STEM-лабораториялар менен жабдыла баштайт», – деп айтылат куттуктоодо.

Куттуктоо катында «Алтын Казык» программасын сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгү да баса белгиленген. Ал туруктуу өнүгүүгө, жоопкерчиликке, инновацияларга негизделген жаңы билим берүү маданиятын калыптандыруунун негизи болушу керек. Мындан тышкары кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү да белгиленген.

«Урматтуу агартуучулар, Сиздердин көп жылдык тажрыйбаңыздар, билимиңиздер жана турмуштук акыл-насаатыңыздар – бул биздин улуттук байлыгыбыз деп айтар элем. Кыргызстандын келечеги – тарбиялуу, билимдүү жана жоопкерчиликтүү муундун колунда. Мындай муунду тарбиялоо – сиздердин колуңуздарда! Сиздерге – талыкпаган мээнетиңиздер, бекем сабырыңыздар, балдарга болгон сүйүүңүздөр үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Уядан учурган окуучуларыңыздар келечекте ийгиликтери, жетишкендиктери менен сиздерди кубандыра берсин! Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Педагогикалык чыгармачылыгыңыздар арта берсин!», – деп айтылат куттуктоо текстинде. 

Андан кийин иш-чаранын алкагында 2026-жылы өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Конкурстар мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын эң кесипкөй жана демилгелүү педагогикалык кызматкерлерин аныктоого жана колдоого багытталган 22 номинация боюнча өткөрүлгөн.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча 19 жеңүүчү аныкталды. Салтанаттуу аземинин жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун Гран-при ээси Бакирова Меруэтке – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тамчы айылынын жалпы билим берүү мектебинин диндердин өнүгүү тарыхы мугалимине Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды, ошондой эле конкурсун 18 жеңүүчүлөрүнүн ар бири 500 миң сомдон акчалай сыйлык менен сыйланды.

SEREP MEDIA