Abank_nov
SerepTV Logo

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин Саммитинин ачылыш аземине катышты

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин Саммитинин ачылыш аземине катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Анталья шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагындагы Лидерлердин Саммитинин ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын башталышына чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен учурашуу жана сүрөткө түшүү аземи болуп өттү. Андан соң конференцияга катышып жаткан делегация башчылары менен сүрөткө түшүү аземи өттү.

Климаттык конференциянын ишине дүйнөнүн 190дан ашуун өлкөсүнүн делегациялары, анын ичинде 102 дүйнөлүк лидер катышууда.

SEREP MEDIA