Чек ара кызматы Казакстан эмне үчүн Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда тосмо орнотуп жатканын түшүндүрдү

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Казакстан Республикасына караштуу 800 метр узундуктагы транзиттик тилкеде казак тарап инженердик тосмолорду орнотуп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

«Буга чейин транзиттик жолдун бул тилкесинде казак тарап спираль түрүндөгү убактылуу көчмө тосмо коюшкан. Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн Казакстандын аймагындагы «Азия» жана «Достык» май куюучу станцияларына жол жабык. Бирок транзиттик жолдогу бул тилке жол жүрүү үчүн ачык бойдон калууда. 4-майда Казакстан Республикасынын Чек ара кызматынын чек арачылары кыргыз тарап менен макулдашкандан кийин өз аймагындагы бул жолдун ачык тилкелеринде инженердик тосмолорду орното башташкан. Кыргызстандын аймагынан транзиттик жолго кире бериштин эки тарабында тең кошумча жол белгилери, транзиттик жолдон өтүү жөнүндөгү эрежелери менен маалымат такталары орнотулган. УКМК Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын транзиттик жолдон өтүү эрежелерин сактоого чакырат, тагыраак айтканда, токтобой өтүүгө, адамдарды отургузбоого/түшүрбөөгө, жүктөрдү жана башка мүлктөрдү түшүрбөөгө/жүктөбөөгө. Транзиттик жолдон өтүү эрежелерин бузган учурларда Казакстан Республикасынын чек арачылары тарабынан Казакстан Республикасынын мыйзам чегинде административдик айып пул салынат»,- дешти.