Казакстан Кыргызстанга коронавируска каршы «QazVac» вакцинасын бөлүп берди

Казакстан Кыргызстанга коронавируска каршы «QazVac» вакцинасын бөлүп берди. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен ырасташты.

Маалымат боюнча, буга чейин саламаттыкты сактоо министри Казакстандын элчиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Вакцина 25-июнь күнү келет. Бул вакцина коопсуз жана каалаган жаран ала алат.